icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев: "Ар бир жаран мыйзамга баш ийиши керек!"

2024-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан Власова 59 дарегинде жайгашкан мыйзамсыз курулуш объектиси буздурулду.

Буздуруу иштерине КР Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, директордун орун басары Бакай Турдугулов жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жетекчиси Эрназарбек  Суеркулов катышты.

Нурдан Орунтаев  өз сөзүндө: " Курулуш тармагында иш алып барган ар бир жеке компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишмердүүлүк жүргүзүүсү зарыл. Баары бирдей мыйзамга баш ийүү менен, жашоочулардын укуктары эске алынып, жалпы инфраструктуралык эрежелер сакталышы керек. Мамкурулуш агенттиги мыйзамдуу иш алып барам деген ишкерлерди ар дайым колдоого алат"- деп баса белгилеп өттү.

Бул объект тийиштүү уруксат кагаздары жок 2016-жылы курулуп баштаган, Мамкурулуш тарабынан анын мыйзамсыз экенин аныкталып, Биринчи Май райондук сотуна доо арызы менен кайрылган.  Биринчи Май сотунун 2022-жылдын 28-январындагы сырттан чыгаруу чечими менен доо толугу менен канааттандырылып, анын чечиминин негизинде 2 кабаттуу курулуш объектиси буздурулду.