КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

“Арча-Бешик”-2 жаңы конушундагы мектептин курулушу жаңы окуу жылына чейин бүткѳрүлѳт


Бишкек шаарындагы Арча-Бешик”-2 жаңы конушундагы жаңы мектептин курулушунун бүткөрүлүшү 88%-ды түзөт. Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан ички жасалгалары, тышкы келбети жана абаттуулугу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Аталган мектеп 500 окуучуга ылайыкталып, 1000 окуучудан ашык окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ал эми, долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал жана жабдылган химия, физика жана информатика класстары тургузулган. Ошондой эле, мектепте толук кандуу окуу процесси үчүн бардык зарыл болгон шарттары жана эмеректер менен жабдылат.

Белгилеп кетсек, бул билим берүү объекттинин сметалык наркысы 1 млн. 230 миң 986 АКШ долларын түзгѳн. Мектептин курулуушунун аяктоосу, бекитилген графигине ылайык 2022-жылдын жаңы окуу жылына пландаштырылууда.

 

ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО АРХИТЕКТУРЫ, СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ.© 2022
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-22
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg