КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Баткен обласынын Чункур-Кыштак айылындагы жаңы мектептин курулушу 35% түздү 


Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чуңкур-Кыштак айылындгы 275 окуучулук орунга эсептелген жаңы мектеп курулууда. Бул мектептин курулушу Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттар багыты боюнча каржыланат.

Долбоору боюнча жаңы мектепте окуучуларга баардык зарыл шарттары каралган окуу корпусу, ашкана, спорттук залы, актовый залы, компьютердик класс, ошондой эле химия, биология, физика предметтери боюнча лабораториялар менен окуу имараты каралган.

Билим берүү объектинин тендердик баасы 723 861 АКШ долларын түзгөн, анын ичинен Сауд Өнүктүрүү фондунун 187 121 АКШ долларын каржылады.

Курулуш иштеринин даярдыгы 35 % ды түзөт. Учурда, подряддык уюм тарабынан, объекттин 100% га  кирпич менен тургузуу, армирлөө жана монолиттик колонна бетондоосу аяктады. Окуу корпусунун чатырынын жабуу иштери аяктап жатат. Курулуштун бүткѳрүүсү 2021 жылына пландаштырылган.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg