КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Баткен облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты пайдаланууга берилди


Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгелер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди.

Объекттин оңдоп-түзөо жумуштары 2020-жылдын июль айында республикалык бюджеттин эсебинен башталып, сентябрь айында бүткөрүлгөн. Бул объектиге жалпысынан 15 млн 500 миң сом каржыланды, анын ичинен республикалык бюджеттен 2 млн сом жана Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун эсебинен 13 млн 500 миң сом каржыланды.

Объектиси боюнча, төмөндөгү жумуштар жүргүзүлдү:

  • Имараттын ичиндеги ажыратуу иштери;
  • Чатырды кайрадан орнотуу;
  • Ички жасалгалоо;
  • Эшик-терезелер орнотулду;
  • Санитардык түйүндөр жана канализация оңдолду;
  • Полдор оңдолду;
  • Электромонтаждоо жумуштары;
  • Фасадды жасалгалоо.

Республикалык бюджеттин эсебинен 1 млн 64 миң сомго эмерек жана жабдуулар орнотулду.

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg