КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Баткен облусундагы СѲФ эсебинен 3 мектептин курулушу толук кандуу жүрүп жатат


Сауд Өнүктүрүү фондунун тарабынан каржыланган Баткен облусундагы 3 билим берүү объектилерин курулушу план боюнча жүргүзүлүүдө.

Алсак, насыялык каражаттын эсебинен Баткен шаарында 375 окуучулук орундуу мектептин, Лейлек районунун Голбо айылында жана Кадамжай районунун Чункур-Кыштак айылында 275 окуучулук орундуу мектептердин  курулушу жүргүзүлүүдө.

Аталган объекттердин курулушу 2020-жылы башталып, алардын  сметалык наркы 2 млн.918 миң 747 АКШ долларын түзгөн, анын ичинен 1 млн. 590 миң 140 АКШ долларын каржыланган.

Учурда подряддык уюмдар тарабынан ички жана тышкы жасалгалоо иштери, электр монтаждоо иштери, ошондой эле мектептин спорт залдарынын металл конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Мектептердин курулушун 2021-жылдын аягына чейин бүтүрүүсү пландалууда.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg