КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Баткен облусунда 2021-жылы 23 социалдык объект бүткөрүлдү


Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 23 социалдык объекттин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөөсү бүткөрүлгөн, анын ичинен 13 мектеп, 2 бала бакча, 2 саламаттык сактоо объектиси, 1 маданият объектиси, 1 стадион, 1 таза суу менен камсыздоо объектиси жана 3 башка объекттер кирген.

Белгилей кетсек, “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2021-жылы республикалык бюджеттен 46 социалдык объектини курууга жана капиталдык оңдоп-түзөөгө 505,9 млн сом каржыланган.

Азыркы учурда 2022-жылдын объекттеринин тизмесине 1-этап боюнча Баткен облусу боюнча 36 социалдык объект кирди, анын ичинде 21 капиталдык курулуш объекттери, 7 капиталдык оңдоп-түзөө объекттери жана 8 таза суу менен камсыздоо объекттери бар.

Бүгүнкү күндө курулушка жана капиталдык оңдоп-түзөөгө 48,9 млн сом суммасында каржылоо ачылды, регионалдык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 7 объектте курулуш-монтаждоо иштери жана 9 объект боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө.

ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО АРХИТЕКТУРЫ, СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ.© 2022
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-22
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg