КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Баткен облусунун  Голбо  айылындагы мектептин курулушунун  даярдыгы 55% ды түзөт


Баткен облусунун Лейлек районунун Голбо айылындагы мектептин курулушу  2019 жылы обтябр айында башталган. Объектинин долбоордук кубаттуулугу 275 окуучулук орунга эсептелинген. Ал эми контрактка ылайык мектептин курулушунун сметалык баасы 931 320 АКШ долларын түзөт.

Объектте курулуш-монтаждоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, даярдыгы 55% ды түзөт. Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан жер иштери, фундаменти жана кыштан жасалган иштер 100% га бүткөрүлгөн. Учурда асма такталардын жыгач конструкциясын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Мектептин курулуш иштеринин  бүткөрүүсү 2021 жылдын жаңы окуу жылына чейин пландаштырылган. Анда долбоор боюнча техникалык жана чеберчилик кабинети, медициналык кабинети, китепкана, окуу класстары, мугалимдердин кабинети, компьютердик класстар, илгич жайлар менен душевой бѳлмѳлѳр, тренажердук залы, ашкана жана актовый залдары болот.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg