КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылындагы мектепти калыбына келтирүү боюнча капиталдык оңдоо иштери толук кандуу жүргүзүлүүдө. 


Азыркы мезгилде мектептин ичинде жабыркаган дубалдардын шыбактарын бузуу жумуштары аткарылып, жарабай калган эшик-терезелердин демонтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле,  окуу корпусунун 2-кабаттындагы дубалдарынын жасалгалоо жумуштары аягына чыгып, 1-кабатында ички жасалгалоо жана полдорду орнотуу жумуштары жүргүзүлүүдѳ.

Белгилей кетсек, аталган объекттеги оңдоо иштери 18-майдын 2021-жылы башталган, анда республикалык бюджеттен капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 15 млн сом өлчөмүндө каржылоо каралган. Мектептин ремонтун үстүбүздөгү жылдын 10-августуна чейин бүткөрүү пландалууда.

Эске салсак, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат айылындагы орто мектеби 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек-арасындагы коогаланынан зыян тарткан социалдык объекттердин катарына кирген.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg