КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Баткен облусунун Халмион айылындагы мектептин курулушун 2022-жылы бүткөрүү пландалууда


Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айылындагы Халмион орто мектебинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2016-жылы башталган.
 
Курулуп жаткан мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 2229,5 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 275 орунга эсептелген.
 
Долбоорго ылайык жаңы мектепте окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлгөн: китепкана, ашкана, дарылоо кабинети, спорттук залда чечинүүчү жайлар жана душ кабиналары каралган. Мектептин негизги класстык кабинеттеринен тышкары мектепте компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга металл жана жыгач буюмдарды иштетүүчү устаканалар каралган.
 
Бүгүнкү күнгө карата объекттин курулуш даярдыгы 72,0 пайызды түзөт. Подряддык уюм тарабынан окуу корпустардын, спорттук залдын жана өтмө галереянын негизги курулуш жумуштары аягына чыкты, учурда полдорду орнотуу жана ички дубалдардын жасалгалоо жумуштары аткарылып жатат. Суу түтүктөрү, канализациясы, жылуулук тармагы, электр чубалгылары орнотулду. Объектти толук бүткөрүү үчүн асфальтты жана брусчатканы төшөп, тегерете тосмосун орнотуп, жашылдандыруу жана корктөндүрүү жумуштарын аткаруу керектелет.
 
Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 50 млн 618 миң 441 сомду түзөт. Курулушту бүткөрүү үчүн 2022-жылы 6 млн 118 миң 400 сом бөлүнгөн. Бул объектти үстүбүздөгү жылы пайдаланууга тапшыруу пландалууда.
ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО АРХИТЕКТУРЫ, СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ.© 2022
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-22
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg