Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Бакай жана Керме -Тоо участкаларына, Лейлек районунун Кулунду, Раззаков айылдарына турак-үйлөр курулаарын, Мамкурулуштун директору Токтомамбет Сатышов белгиледи. Бул аракет “Менин үйүм 2021-2026” турак-жай программасынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Аталган турак-жайлар жарандарга жеңилдетилген шартта сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен узак мөөнөттүү (25 жылга чейин) ижарага берилет. Ал эми, ижаранын баштапкы мөөнөтүндө төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил берилет.
Азыркы учурда Мамкурулуштун Баткен аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Баткен районунун Ак-Сай жана Бакай айылдарында курулуш башкы планы жана 100 жана 80 м2 турак үйлөрдүн жумушчу долбоорлору иштелип чыкты.