КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Баткен облусунун 44 айылында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдары курулат


“Баткен жана Талас облустарынын айылдарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Баткен облусунун 44 айылында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдары курулат.
Аталган долбоорго кирген объектилердин тизмесине ылайык 44 айылдын ичинен Лейлек району боюнча 10 айыл, Баткен району боюнча 5 айыл, Кадамжай району боюнча 29 айыл кирген.
Азыркы учурда аталган айылдардын долбоордук сметалык иш кагаздары долбоордук мекеме тарабынан иштелип жатат, ал эми Максат жана Жаштык айылдарында курулуш монтаждоо жумуштары ушул жылдын июль айынын башында башталат.
Андан тышкары, Лейлек районунун Булак-Башы, Чурбек, Даргаз, Миң-Жыгач, Жаңы-Турмуш айылдарында жана Баткен районунун Кайынды, Кан жана Сары-Талаа айылдарында долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоо жумуштары жүрүп жатат. Аталган айылдарда курулуш жумуштары 2021 жылдын август айында башталат.

Бүгүнкү күндө Баткен районун Кыш-Тут айыл өкмөтүнө караштуу Сай айылында жалпы суммасы 21,8 млн.сомду түзгөн курулуш жумуштары башталды.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg