КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар оорукананын курулуш даярдыгы 98% ды түзөт


Бишкек шаарындагы эксперименттик тез курулуучу 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш даярдыгы 98% түзөт. Объекттин каржылоосу, Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан жүргүзүлүп, 67 млн сом каржыланды.

Учурда  4-блоктон турган объект бүткөрүү алдында турат. Подряддык уюм тарабынан төмөндөгү жумуштар бүткөрүлдү: имараттын чатыры жабылды, потолоктор жылууланды, полдор бетондолуп бүттү, ички дубалдар гипсокартон менен чапталып, жасалгалоо жумуштары бүткөрүлдү, эшиктер жана терезелер орнотулду, сырткы дубалдар профнастил менен чапталды, сырткы тепкичтердин тосмо дубалдарынын бетон жумуштары аягына чыкты.

Андан тышкары желдетүү каналдары, сигнализация тармагы, ичүүчү суу түтүктөрү, канализация түтүктөрү орнотулду жана электрмонтаждоо жумуштары бүткөрүлдү.

Азыркы мезгилде ички дубалдарды сырдоо, линолеумду төшөө, санитардык түйүндөрдү кафель менен бетөө жумуштары жүргүзүлүүдө. Андан тышкары оорукананын аянтын көрктөндүрүү боюнча жумуштар аткарылып жатат.

 

 

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg