КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Джалал-Абад облусунун Авлетим айылдагы  мектептин курулушу бүткѳрүлгѳн жана толук кандуу иштеп жатат


Джалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айыл аймагына караштуу Байкашка-Терек айылындагы Акылбеков атындагы 225 окуучулук орундуу мектептин курулушу бүткѳрүлгѳн.  

Мектептин курулушу 2014-жылдын республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинин эсебинен башталган.

2014-жылы тендер өткөрүлүп “Эскада” ЖЧКсы менен 36017,01 миң сомго келишим түзүлгөн. Курулуш башталгандан бери (2014-2017-жылдары) курулуш жумуштарына 34 477,75 миң сом каржыланып, подряддык уюм тарабынан 30 025,2 миң сом өздөштүрүлгөн. Келишимдик шарттарды аткаралбай калгандыгына байланыштуу (мекеменин жетекчиси каза болгон) “Эскада” ЖЧКсы тарабынан 4 452,7 миң сомго дебитордук карыз пайда болгон.

Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы карызды өндүрүү максатында Бишкек шаарынын Райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылып, жыйынтыгында “Эскада” ЖЧКсынан дебитордук карызды өндүрүү боюнча соттук чечим кабыл алынган. Бүгүнкү күндө соттук чечимди аткаруу үчүн тиешелүү иштер жүрүүдө.

Ал эми мектептин курулушун бүткөрүү максатында Джалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 2018-жылы кайрадан конкурс жарыяланып, “Кулжа” ЖЧКсы менен  подряддык келишими түзүлүп, объект бүткөрүлүп, Мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын 2020-жылдын 14-июлундагы актысы менен пайдаланууга тапшырылды.

Азыркы мезгилде мектеп толук кандуу иштеп жатат.

Белгилей кетсек, курулуш башталгандан бери объектке жалпысынан 45 484,9 миң сом каржыланды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg