КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Жалал-Абад облусунда ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө


Жалал-Абад облусунда ичүүчү таза суу менен камсыздоо планын ишке ашыруунун алкагында Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн үч айылында иштер жүргүзүлүүдө. Долбоор 2018-жылы Ислам Өнүктүрүү Банкы тарабынан  кабыл алынып каржыланган. Иштин жыйынтыгында 8 000 жаран ичүүчү суу менен камсыз болот.

2022-жылга карата Жалал-Абад облусунун 54 калктуу пункту таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иш планына киргизилгенин кошумча билдиребиз. Алардын ичинен 25 калктуу конуштагы объекттер Ислам Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланат. Анын ичинде 19 айылда иш жүрүп жатат.

Ошондой эле жалпысынан Жалал-Абад облусунун 24 айылында республикалык жана райондук бюджеттерден каржылануучу таза суу менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО АРХИТЕКТУРЫ, СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ.© 2022
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-22
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg