КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Жалал-Абад шаарынындагы облустук бириктирилген жаңы 100 орундуу корпусунун  курулушу 47 % бүткѳрүлдү 


Жалал-Абад шаарынындагы облустук бириктирилген жаңы 100 орундуу корпусунун  курулушу 2019-жылы башталган. Объекттин долбоордук кубаттуулугу 100 орунга эсептелген. Курулуш жумуштары республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан объектке жапысынан 50  млн сом каржыланды.

Учурда объекттин подряддык уюму тарабынан жумуштар толук кандуу жүргүзүлүп жер-төлөөнүн пайдубалы, колонналары, ригелдери, сырткы дубалдары, ички тосмолору орнотулуп, полдор бетондолду. 1-2-кабаттын сырткы дубалдары, колонналары, калка тосмолору, ички тосмолору орнотулду, электрмонтаждоо жумуштары аягына чыкты, полдору бетондолду, терезелери коюлду. Ошондой эле, дубалдын шыбак жумуштары аткарылып жатат. Имараттын чатыры жабылып, учурда сырткы жылуулоо жумуштары жасалууда жана откананын дубалдарын тургузуу, сырткы канализациясы жасалып жатат.

Имараттын жалпы аянты 2975,6м2. Объектиде 45 жумушчу иштеп жатат.

Объекттин курулушу 47% бүткөрүлдү, пайдаланууга тапшыруу мөөнөтү 2020-жылдын ноябрь айына пландалган.

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg