КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

КР Мамкурулуштун директору У. Кокочаров “Жаңы Жыл – жаңы үмүт” аталышындагы долбоордун алкагында кайрымдуулук эстафетасын улантты


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана ТКЧ мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Кокочаров, КР Билим берүү жана илим министрлигинин тарабынан  уюштурулган Кайрымдуулук эстафетасын улантты.

“Жаңы жыл – жаңы үмүт” – долбоордун алкагында арналган КР Мамкурулуштун директору Урматбек Кокочаров Талас облусунун  Жоон-Дөбө айылында жашаган  Таштемиров Нургелдиден белек алды.

Агенттиктин директору У. Кокочаров белгилегендей, – “13 жаштагы Нургелди, “Мен короновирустун Жаңы жылды бузушун каалабайм” деген өзүнүн сүрѳтүндѳ жаңы жылда короновирус жок болсун деп чооң үмүттѳрүн, мааниси терен кылып тартыптыр.”

Урматбек Кокочаров, Нургелдиге ыраазычылык билдирип, ѳзүнүн атынан  планшет белегин тартуулады, жылуу сѳздѳрүн атты: “Нургелди, Жаңы жылың кут болсун, сага жакшылыктарды, бекем ден-соолук каалайм. Илимдүү, билимдүү,  өз элинин эң күчтүү жигиттеринен бол”.

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg