ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО ​ АРХИТЕКТУРЫ,​ СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

“Курулуш, Энергетика, Атайын техника жана Коопсуздук” аттуу 18-Эл аралык конгресс жана көргөзмө форуму ачылды


Бүгүн, 2021-жылы 20-апрелде “Курулуш, Энергетика, Атайын техника жана Коопсуздук” аттуу 18-Эл аралык конгресс жана көргөзмө форумунун салтанаттуу ачылышы ѳттү.

Борбордук Азиядагы эң мыкты беш ири көргөзмөлөрдүн катарына кирген Кыргыз Республикасындагы курулуш индустриясынын негизги жылдык көргөзмөсү болуп эсептелинет.

Эл аралык конгресс жана көргөзмө форуму төрт эл аралык адистештирилген көргөзмөлөрдү бир аянтчага бириктирүүдѳ:

  • 18-Эл аралык курулуш жана ички жасалганын адистештирилген көргөзмөсү – KyrgyzBuild 2021;
  • 11-Эл аралык энергетика жана жарыктын адистештирилген көргөзмөсү – EnergyExpo 2021;
  • 6-Эл аралык жол курулушунун, атайын техниканын жана тетиктердин адистештирилген көргөзмөсү KyrgyzComex 2021;
  • 6-Эл аралык каражат коопсуздугу, коргоо жана өрт коопсуздугунун адистештирилген көргөзмөсү SafetyExpo Kyrgyzstan 2021.

 Адатта, көргөзмөлөр төмөнкүлөрдүн колдоосу астында өтүдѳө:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
  • Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги;
  • Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги;
  • Бишкек шаарынын мэриясы;
  • Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги;

Белгилей кетсек,  Форум жаңы гибриддик форматта өтүүдѳ. Эксперттер гибрид иш-чараларды 2021-жылдагы иш-чаралар индустриясынын негизги тенденциясы деп аташат. Аталган формат күндүзгү офлайн режиминдеги катышуучуларды жана чоң жана жигердүү онлайн режиминдеги катышуучуларды бириктирет.

Быйыл, биргелешкен көргөзмөгө 7 мамлекеттен 70тен ашуун компаниялар катышат.

Көргөзмөдө Липецк облусун Экспортту колдоо борборунун жана биринчи жолу Башкортостан Республикасынын Экспорттук колдоо борборунун жамааттык экспозициясы тартууланат.

 Көргөзмөгө катышуучулардын географиясы 180 ири өндүрүш ишканаларынын расмий өкүлдөрү болгон кыргыз компанияларынын катышуусу менен толукталат.

Көргөзмөнүн алкагында КЫРГЫЗСТАНДА ЖАСАЛГАН курулуш технологияларынын жана курулуш продукцияларынын презентациялары болуп өтөт.

BIEXPO көргөзмө компаниясынын директору Виктор Линовицкий белгилегендей: – «Курулуш, Энергетика, Атайын техника жана Коопсуздук» форумдун өзгөчөлүгү – курулуш, энергетика, атайын жабдыктар тармагында иштеген мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөлөрдүн жана коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирип, сапаттуу жана натыйжалуу социалдык маанилүү көйгөйлөрдү талкулоо, тажрыйба алмашуу, акыркы улуттук жана чет өлкөлүк өнүгүүлөр менен таанышуу.

Ошондой эле, экспозициялардагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтип, ишкердик байланыштарды жана келишимдерди түзүүгө, ой-пикирлерди жана жаңы технологияларды алмашууга, тармактын адистери менен актуалдуу темаларды талкуулоого мүмкүндүк берет, деп – айтууда Линовицкий.

Көргөзмөнү курулуш, энергетика, атайын жабдуулар тармагындагы адистер, өлкөнүн бардык аймактарында иштеген курулуш компаниялардын кызматкерлери, мекендештер жана борбордук калаабыздын коноктору, ошондой эле чет өлкөлүк коноктор жана ар кандай курулуш индустриясынын адистеринин кызматкерлери катышат.

Көргөзмө 20- 22 апрелге чейин болот.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg