Мамкурулуштун “Курулушсертификаттоо” Республикалык борборунун аккредитациаланган лабораториялардын адистери тарабынан 2020-жылы, курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга – 679 сертификаттоо, көзөмөлдөө жана жеринен сыноолор жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, баардыгы болуп 29 шайкештик сертификаты берилип, мамлекеттик реестрге киргизилди.
Берилген сертификаттардын жалпы санынан 19 республикада өндүрүлгөн курулуш продукциясына жана 5 – республикага алып келинүүчү курулуш продукциясына берилген. Андан тышкары 5 Ѳз каалоосу менен ыктиярдуу түрдѳ берилген.
Белгилесек, отчеттук мезгилде 24 уюм 166 документтер менен камсыздалган.