КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш Агенттиги, Бишкек жана Ош шаарларында жугуштуу оорулар ооруканаларын куруусу боюнча Өкмөттүн буйругунун долбоорун даярдады


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура,  курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттиги,  Бишкек жана Ош шаарларында эксперименттик  тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканалардын куруусу  боюнча Өкмөттүн буйругунун долбоорун даярдады

Бул буйруктун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кароого жөнөтүлдү.

Саламаттык сактоонун эксперименттик жугуштуу оорулар ооруканалардын объекттеринин куруу участкалары Бишкек жана Ош шаарларында республикалык клиникалык инфекциялык ооруканалардын аймактарында аныкталган.

Азыркы учурда башкы пландар даярдалып, алар МСЭКБ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын “Зеленхоз” МИ менен макулдашуунун аяктоо жумуштары өтүп жатат.

Белгилей кетсек, аталган саламаттык сактоо обьектилеринин курулушу Кыргызстандагы коронавирустук инфекциянын таралышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын отурумунда тапшырылган.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg