КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш агенттиги Сузак райондук архитектуранын башчысын кызматтан кетирди


Уруксат берүү документтерин алууда  Сузак районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкеринин опузалап акча талап кылууга тиешелүү Массалык маалымат каражаттарында пайда болгон материалдарга байланыштуу, төмөнкүлөр ээлеген кызмат ордунан бошотулду:

Жапаров Нурилло Исмаилович – Сузак районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги;

Жолдошов Толкунбек Муктарович – Сузак районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын адиси;

Жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Жалал-Абад регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги – Байжигитов Бакыт Сайранбаевичге сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле берилген арызга ылайык өз каалоосу менен төмөнкүлөр ээлеген кызмат ордунан бошотулду:

Кыдырбаев Абдулазим Юсупович – Токмок шаарынын шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги;

Мамыркулов Эрнис Нурланович – Ысык-Ата районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын начальниги.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg