Мамкурулуш агенттиктин жөнгө салуучу иш бөлүмү тарабынан 2020-жылдын ичинде курулуш тармагынын адистери үчүн 1731 мамлекеттик квалификациялык сертификаттарын берди.
Регионалдык мааниси боюнча эң көп сертификаттарын Бишкек шаары боюнча – 1033, Чүй – 151, Ош – 225, Жалал-Абад – 99, Ысык-Көл – 111, Нарын – 49, Талас – 32 жана Баткен боюнча адистер – 31 сертификат алышты.
Бардык иштин түрлөрү боюнча долбоорчуларга– 518, излдѳѳчүлѳргѳ – 59, инжиниринг кызматы боюнча адистерге – 461, курулуш материалдарын жана конструкцияларды өндүрүү боюнча адистерге – 14, жана курулуш-монтаждоо иштери адистерге боюнча – 679 квалификациялык сертификаттары берилген.
Белгилей кетсек, 160 адистерге компетентсиздикке байланыштуу сертификат берүүдөн баш тартылган, биринчи жолу 693 адиске берилип жана квалификациялык сертификаттардын колдонуу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 1038 адиске узартылган.