Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2020-жылы мамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 626 лицензиясын тариздеген.
Лицензиялардын жалпы санынан, региондук маани боюнча Бишкек шаарында -359, Чүй облусу – 43, Талас – 10, Ысык-Көл -18, Ош – 146, Баткен 8, Жалал-Абад – 35 жана Нарын – 7 лицензиялары берилген.
Жалпысы, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарына – 619 жана 7 жеке ишкерлерге лицензиясы берилген. Биринчи жолу 450 уюм лицензиясын алышкан, калган уюмдар аткарылып жаткан иштердин жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга жана иштин кошумча түрлөрүн киргизүүгө байланыштуу лицензияларын кайра тариздешкен.