КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш агенттиги COVID-19 таркатылышына жол бербөө боюнча бардык тийиштүү иш-чараларды өткөрүүдө


COVID-19 жайылышына жол бербөө боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү максатында, КР Мамкурулушунун инженердик кызматынын штабынын кызматкерлери менен кызматкерлердин саламаттыгын камсыз кылуу үчүн санитардык-дезинфекциялоо иштер боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

         Ошондой эле, №4 административдик имаратта Мамкурулуш тарабынан адамдардын ден соолугунун коопсуздугунун эрежелерин сактоого ылайык кезектеги дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү жана кызматтык кабинеттерди желдетүү жана күнүмдүк жыйнаштыруу иштери жүргүзүлүп келет.

         Ар бир аптанын башында баардык кызматкерлер жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болуп турат. Ишке кирүүдө жарандык коргонуу адиси менен кызматкерлердин жана келүүчүлөрдүн ден соолугунун абалы фильтрдин жардамы менен дене табы текшерилип журналга белгиленип турат.

         Ушул иш-чаралардын баары КР Мамкурулушунун баардык ведомство карамагындагы жана аймактык бөлүнүштөрүндө сакталып жана жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg