КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш агенттиктин  “Курулушсертификаттоо”  Борбору  6067 сертификаттык сыноолорду жүргүздү


Мамкурулуш агенттигинин “Курулушсертификаттоо”  Республикалык Борборунун  аккредитациаланган лабораториялардын адистери 2020-ж. 8 ай аралыгында – 6067 сертификаттоо, көзөмөлдөө жана жеринен  сыноолорду жүргүздү.

Отчеттук мезгил ичинде жалпысы 778 шайкештик сертификаты берилип, анын ичинен республикада өндүрүлгөн курулуш продукциясына 318, ал эми  республикага ташып келинүүчү курулуш продукциясына 211 сертификаттары берилген.

Милдеттүү сертификаттоо боюнча берилген шайкештик сертификаттарынын ичинен:

 – Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген “Техникалык регламент. Курулуш материалдарынын, бюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу”   талабына жооп берген – 724 шайкештик сертификаты;

  • “Унаа жолдорунун  копсуздугу” Баажы уюмунун  Техникалык регламентинин талабына жооп берген – 5 шайкештик сертификаты;
  • Өз калоосу менен ыктыярдуу түрдө тастыктоо боюнча  – 49 шайкештик сертификаты берилди.

Белгилей кетсек, 148 уюм 615 ченемдик документ менен камсыз болгон жана 75 адис квалификациясын жогорулатты.

 

 

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg