Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жана «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын ортосунда “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын алкагында Иссык-Кѳл облусунун ички иштер башкармалыгына турак жай куруу кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Бул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында шаар куруу документтерин, долбоордук-сметалык документтерди жана курулуш үчүн тендер өткөрүүнү жол-жоболорун даярдоо боюнча иштер башталды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы токтому менен бекитилген «Менин үйүм-2021-2026» турак-жай программасында бекитилгендей жана макулдашуунун негизинде Кыргызстандын бардык аймактарында турак жайларды куруу иштери башталат.