КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш пландалган коллегиясын өткөрдү


3-февралда, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде пландык коллегиясу өткѳрүлдү.

Коллегияга коллегия мүчөлөрү, борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ведомствого караштуу уюмдардын жетекчилери, мамлекеттик экспертиза департаментинин бөлүмдөрүнүн начальниктери катышышты.

Күн тартибинде 2019-2020-жылдарга Мамлекеттик экспертиза департаментинин иши тууралуу актуалдуу маселелер каралып, ошондой эле 2021-жылга Коллегиянын иш Планы бекитилди.

Коллегиянын жүрүшүндө Мамкурулуштун статс-катчысы С. Н. Борубаевдин жана архитектура жана техникалык нормалоо башкармалыгынын башчысы К. К. Анарбековдун докладдары угулду.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча коллегиянын мүчөлөрү экспертизадан өтүү үчүн ДСДны кабыл алуунун санариптик шарттарын жакшыртууга, ошондой эле курулушту жана бүтүндөй архитектураны өнүктүрүү боюнча негизги милдеттерге багытталган бир катар тапшырмаларды беришти.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg