КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш 10 саламаттык сактоо объектилеринин курулушу жана капиталдык өндоп-түзөө жумуштары бүткөрүлдү


2020-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штаб тарабынан саламаттыкты сактоо объекттерин куруу жана оңдоп-калыбына келтирүү иштеринин зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.

Курулуш агенттиги тарабынан республика боюнча жалпысынан 14 саламаттыкты сактоо обьектисинде куруу жана оңдоп-калыбына келтирүү иштери башталган. Алардын ичинен:

–        республикалык бюджеттин эсебинен 2 объекттин курулушу;

–        Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун эсебинен 3 инфекциялык ооруканалардын курулушу Бишкек, Ош, Нарын шаарларында жана республика боюнча 9 объекттин капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары.

Аталган объекттерге жалпысынан 444,3 млн сомго каржыланган, анын ичинен:

–        республикалык бюджеттин эсебинен 81,2 млн сом;

–        Фонддун эсебинен 363,1 млн сом.

Бүгүнкү күнгө карата 14 объекттин ичинен 10 объекттин курулушу жана капиталдык өндоп-түзөө жумуштары бүткөрүлдү (1141 орунга):

Облустар боюнча:

  • Чүй облусу боюнча 2 объект (261 орунга) капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн;
  • Баткен облусуда 1 объект (90 орунга) капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн;
  • Джалал-Абад облусунда 2 объект (160 орунга) капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн;
  • Ыссык-Көл облусунда 2 объект (220 орунга) капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн;
  • Ош облусунда 1 объекттин профили өзгөртүлдү (150 орунга);
  • Талас облусунда 1 объект (160 орунга) капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн;
  • Бишкек шаарында 1 объекттин курулушу бүткөрүлдү (100 орунга);

Калган 4 объекттин курулушун 2020-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Алар:

  • Жалал-Абад шаарындагы облустук оорукана (100 орундуу);
  • Кара-Суу районунун Чайчы айылындагы оорукана (15 орундуу);
  • Ош шаарындагы эксперименттик инфекциялык оорукана (100 орундуу);
  • Нарын шаарындагы эксперименттик инфекциялык оорукана (70 орундуу).

Баардыгы болуп жылдын аягына чейин республика боюнча 1426 орундуу ооруканалардын курулушу жана капиталдык оңдоп түзөө жумуштары бүткөрүлөт.

Ошону менен бирге, бул ооруканалар керектүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыз болушту. Ал үчүн республикалык бюджеттен 12723,3 миң сом каражат бөлүнгөн. Ооруканалар үчүн керектүү жабдуулардын жана эмеректердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылганын белгилей кетүү керек.

Мындан тышкары Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун эсебинен республиканын 27 ооруканасын борборлорлоштурулган суюк кычкылтек менен камсыздоо системасы жана газификатор менен жабдуу боюнча иштер башталган. Түзүлгөн келишимдердин жалпы суммасы 142,5 млн. сомду түзөт. Анын ичинен фонд 100,0 млн.сомду каржылады. Бүгүнкү күндө 27 объекттин ичинен:

  • 25 объекттин жумуш иштери аяктады;
  • 1 объектте орнотуу иштери жүргүзүлүүдө;
  • 1 объектте кычкылтек менен жабдуу системасын орнотуу үчүн даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Газификаторлордун 1-чи партиясы өндүрүүчү заводдон жакынкы учурда Кыргыз Республикасынын чек арасына келиши күтүлүүдө. газификаторлордун  2-чи партиясы жөнөтүүгө даярдалууда.

Ошентип, ооруканалар 1708 суюк кычкылтек точкасы менен камсыз болот.

 

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg