Мамкурулуштун мамлекеттик экспертиза департаментине 2021 жылынын 5 ай ичинде долбоорлоо – нарктоо иш кагаздарынын 818 даанасы түштү. Анын ичинен долборлоо-нарктоо иш кагаздарынын 530 даанасына техникалык- долбоорлоо экспертизасы жүргүзүлүп, 110 документтери каралууда. Ал эми 178 долборлоо-нарктоо иш кагаздарынын кайра толуктап иштеш үчүн кайтарылып берилген.
Белгилей кетсек, баардык курулуш имараттар жана курулуш объектилери бекемдүүлүккө, көтөрумдүү жөндөмдүүлүгүнө, туруктуулугуна, жер титирөөдө чыдамдуулу-гуна, узакка пайдаланууга, селге жана көчкү коопсуздугунан сактануу боюнча, жана ошондой эле техникалык эсептөө негизин камсыздоодо интенсивдүүлүгү 8, 9 жана андан көп баллга таасир берүүдө басым кылуу күчүнүн өзгөчө айкалышын камсыздоо боюнча экспертиза жургүзүүгө туш болушат.
Ошондой эле майыптардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо чөйрөсүнүн талаптары (пандустар жана чакыруу кнопкалары), ар дайым долбоорлоо учурунда ченем нормаларын эске алуу менен жүргүзүлөт.