КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш 8 айдын ичинде курулуш иштерине 309 лицензия тариздеди


2020-жылдын 8 айдын ичинде, Кыргыз Республикасынын Мамкурулуш агенттиктин жөнгө салуучу иш бөлүмү тарабынан өлкө аймагында курулуш ишин жүргүзүүгө 378 лицензия тариздеген.

Лицензиялардын саны боюнча, региондорду өнүктүрүүсүнө ылайык Бишкек шаары – 205, Чүй облусу – 30, Талас – 8, Ысык-Көл – 10, Ош – 96, Баткен – 5, Жалал-Абад – 21, Нарын – 3 лицензиясы берилди.

Лицензиялардын жалпы санынан, 374 лицензия Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарына жана 4 жеке ишкерлерге берилген.

Белгилей кетсек, биринчи жолу 277 уюм лицензиясын алган, ал эми 4 уюмдун лицензиясы “Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан таанылган лицензиялардын реестрине”киргизилген.

Отчеттук мезгилдин ичинде бардыгы болуп лицензия алуу боюнча 385 арыз кабыл алынган.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg