КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Нарын областынын Туз айылындагы мектептин курулушу 2021-жылдын 1 сентябрына карата бүткөрүлөт


Нарын облусунун Кочкор районунун Туз айылында Жунушаалы кызы Сайнап атындагы мектептин курулушу 2019-жылы башталган.

Бул жаңы мектеп, 2- кабаттуу окуу корпусунан, спортзалдан жана өткөөл галереядан турат. Жалпы аянты 1786,5 м2 түзүп, билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген.

Бүгүнкү күндө объекттин курулушу 70% түзөт. Подряддык уюм тарабынан окуу корпустун чатырын жабуу боюнча иштер, терезе жана эшик блокторун орнотуу иштери аткарылып, сырткы жана ички коммуникациялардын түзүлүштөрү бүткөрүлдү.

Учурда, ички жасалгоо жумуштары жана спорттук залдын дубалын кирпич менен коюу иштери жүрүүдѳ. 

Белгилей кетсек, аталган объекттин сметалык наркы 58 млн 300 миң сомду түзөт. Быйылкы жылы, бүткөрүү үчүн 14 млн.800 миң сом бөлүнгөн. Объект 2021-жылдын 1-сентябрга чейин пайдаланууга берүүсү пландаштырылууда.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg