КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Нарын шаарындагы жаны оорукананын курулушу 59% бүткөрүлдү


Нарын шаарындагы эксперименттик тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 2020-жылдын август айында башталган. Анын долбоордук кубаттуулугу 70 орунга эсептелген. Курулуш жумуштары “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондунун эсебинен жүргүзүлүүдө, курулуш башталгандан бери 45 млн сом каржыланды.

Учурда, объекттин курулушу 59 пайызга бүткөрүлдү. Подряддык уюм тарабынан жумуштар толук кандуу жүргүзүлүп оорукананын пайдубалы, гидроизоляциясы жана полду бетондоо жумуштары бүтүрүлдү. Ошондой эле  чатыры жабылды, сырткы дубалдары пеноблок менен тургузулуп,   имараттын сырты менен ичи жылууланды. Андан сырткары терезелери орнотулуп бүттү.

Азыркы учурда пандустар куюулууда, полдор жылууланып, ички дубалдар гипсокартон менен чапталып жатат. Ичүүчү  суу жана канализация тармагын орнотуу жумуштары аткарылууда.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg