КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Нарын шаарындагы эксперименттик тез курулуучужугуштуу оорулар ооруканасынын куруулушу 89% түзѳт


Нарын шаарындагы эксперименттик тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын куруулушу 89% түзүүдѳ.

Объекттин курулушу 2020-жылдын август айында башталган, долбоордук кубаттуулугу 70 орунга эсептелинип курулуш жумуштары “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондунун эсебинен жүргүзүлүүдө, курулуш башталгандан бери 45,0 млн сом акча каражаты каржыланды.

Подряддык уюм тарабынан имараттын негизги курулуш жумуштары аяктады. Полду бетондоо жана жылуулоо жумуштары бүткөрүлүп,
сырткы эшик-терезелери орнотулуп, пандустар куюулду.

Ички жасалгалоо жумуштары, ички жана сырткы ичүүчү суу жана канализация системасын, желдетүү жана жылытуу тармагын, элкетр-монтаждоо жумуштары, өрт өчүрүү системасын орнотуу жумуштары аткарылууда. Ички эшик орнотулууда, Оорукананын айланасындагы арыктарды орнотуу жумуштары аткарылууда.

Ооруканага тиешелүү эмерек жана жабдыктар сатылып алынды жана кычкылтек менен камсыз кылуу үчүн борборлоштурулган системасы орнотулуп жатат.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg