КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Озерное айылындагы мектептин курулушун 2021-жылы бүтүрүү пландалууда


Озерное айылындагы жаңы мектептин курулушу 2019-жылы Сауд өнүктүрүү фондусунун насыясынын эсебинен башталды. Долбоор боюнча мектептин кубаттуулугу 375 окуучу орунга пландалып Долбоор “КБШ Караколпроектстрой” тарабынан иштелип чыккан. Подряддык уюм катары “MS Building” ЖЧКсы аныкталган. Тендер өткөргөндөн кийинки объекттин наркы 1 526,0 миң АКШ долларын түзөт.

Курулуш башталгандан бери 291,8 миң АКШ долларына жумуштар жүргүзүлдү.

Бүгункү күндө объектте жер казуу иштери бүткөрүлүп пайдубал орнотулган. Учурда дубалын тургузуу жумуштары аткарылууда.

Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1968-жылы курулган, кубаттуулугу 192 окуучу орундуу. Бул мектепте 2000ге жакын окуучу билим алышкандыктан, жаңы мектеп куруу муктаждыгы пайда болгон.

Долбоор боюнча мектепте физика, биология, химия, чет тил жана, эмгекке үйрөтүү кабинетири, китепкана, ашкана андан тышкары спорттук жана жыйындар залдары каралган. Мектепти 2021-жылы бүткөрүү пландалууда.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg