КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Ош областынын Кочубаев Чек-Абад айылындагы А. Тургунов атындагы жаңы мектептин курулуушу  75 % даяр


Ош облусунун Араван районундагы №23 А. Тургунова атындагы, 225 окуучуга эсептелген жаңы мектептин курулушу 75 % даяр.

Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан 1 кабаттын жасалгалоо иштери аяктаган, спорт залынын чатырын жана жылытуу иштери жүргүзүлүүдө. Учурда 2-кабаттын ички жасалгасы жана актовый залдын полду пландаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бул объекттин курулушу Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен каржыланат, анын сметалык наркы 988 миң 180 АКШ долларын түзөт. Курулуш иштеринин башынан баштап 444 миң 681 АКШ доллар каржыланган.

Объекттин аяктоо иштери 2021-жылы пландалууда.

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg