КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Ош областынын Орке айылындагы мектептин курулушу 75 % даяр


Ош областынын Орке айылындагы Ч.Түлөбердиев атындагы № 34 мектептин курулушу 75% га даяр. Бул билим берүү объектисин курулушу 2020-жылдын башында башталган.

Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан окуу корпустун чатырын жабуу боюнча иштер, терезе жана эшик блокторун орнотуу иштери аткарылып, сырткы жана ички коммуникациялардын түзүлүштөрү бүткөрүлдү.Учурда, ички жасалгоо жумуштары менен тышкы келбети жана абаттуулугу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган объекттин сметалык наркы 58 млн 300 миң сомду түзөт. Быйылкы жылы, бүткөрүү үчүн 14 млн.800 миң сом бөлүнгөн.

Анын долбоордук кубаттуулугу боюнча 375 окуучулук орунга эсептелген объекттин наркысы 986 миң 750  АКШ долларын түзүп, анын ичинен 542 миң 712  АКШ доллары каржылады.

Мектептин куруушунун аяктоосу, бекитилген графигине ылайык 2021-жылдын жаңы окуу жылына пландаштырылууда.

 

 

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg