КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Ош облусунун Караташ айылындагы мектептин курулушун 2022-жылы бүткөрүү пландалууда


Ош облусунун Ноокат районунун Караташ айылындагы Абдыманап Мамыров атындагы мектебинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган.

Курулуп жаткан мектеп 3 блоктон турат: эки кабаттуу окуу корпусу, актовый зал жана ашкана жайгашкан имарат жана өтмө галерея, жалпы аянты 2364,7 чарчы метрин түзгөн билим берүү объекттин долбоордук кубаттуулугу 375 орунга эсептелген.

Мектептин долбооруна ылайык жаңы мектепте негизги класстык кабинеттерден сырткары компьютердик класс, физика, астрономия, биология, химия сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кол эмгек жана ар түрдүү кружокторду өткөрүү үчүн кабинеттер каралган. Андан тышкары китепкана, дарыгердин кабинети, эс алуу жана коомдук ишмердүүлүк менен алек болуу үчүн дагы бөлмөлөр бар.

Бүгүнкү күнгө карата объекттин курулуш даярдыгы 70,0 пайызды түзөт. Подряддык уюм тарабынан окуу корпусунун имараты курулуп, полдору, терезелери орнотулду, жылытуу тармагы бүттү, ички жана сырткы жасалгалоо жумуштары аткарылып жатат. Откана, резервуар жана выгреб курулуп бүттү. Азыркы мезгилде актовый зал жана ашкана жайгашкан имараттын жана өтмө галереянын курулуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 54 млн 355 миң 640 сомду түзөт. Курулушту бүткөрүү үчүн 2022-жылы 9 млн сом бөлүнгөн. Бул объектти үстүбүздөгү жылы пайдаланууга тапшыруу пландалууда.

 

ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО АРХИТЕКТУРЫ, СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ.© 2022
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-22
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg