КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Ош шаарындагы эксперименттик тез курулуучу, жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун даярдыгы 89% түзѳт


Ош шаарындагы эксперименттик тез курулуучу 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 2020-жылдын 28-июлунда башталган. Объекттин каржылоосу “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” тарабынан жүргүзүлүп, курулуш башталгандан бери 62,5 млн сом акча каражаты каржыланды.

Бүгүнкү күнгѳ, курулуштун даярдыгы 89 пайызды түзөт.

Подряддык уюму тарабынан оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн, 1 жана 2-чи дарылоо блоктордун курулуш-монтаждоо жумуштары бүткөрүлдү. Ички жылытуу жана суу менен камсыздоо тармагы, канализация, электрмонтаждоо жумуштары бүткөрүлдү. Ошондой эле эшик-терезелер, өрт сигнализациясы, желдетүү тармагы орнотулуп бүтүп, ички жасалгалоо жана кафель менен беттөө жумуштары бүткөрүлдү.

 Учурда отмостканы орнотуу, брусчатканы төшөө жумуштары, жарыктандыруу жана оорукананын тегерегин тегиздөө жумуштары аткарылууда.

Белгилей кетсек, ооруканага тиешелүү эмерек жана жабдыктар сатылып алынды жана кычкылтек менен камсыз кылуу үчүн борборлоштурулган системасы орнотулуп жатат.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg