КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануучу 27 мектептердин курулушу толук кандуу жүрүүдө


Мамкурулуштун турак жай-жарандык курулуш Департаментинин,  Координациялык топтун маалыматы боюнча,  бүгүнкү күнгѳ Сауд өнүктүрүү Фондунун каражаттарынан каржылануучу 26 мамлекеттик мектептердин курулушу толук көлөмдө жүргүзүлүп жатат жана 1 объект боюнча  контрактка кол коюлуп даярдоо иштери жүрүп жатат.

Азыркы учурда 27 мектептин ичинен:

  • 1 объект боюнча контрактка кол коюлуп, даярдоо иштери жүрүүдѳ;
  • 4 обектисинде кирпич кладка салуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө;
  • 5 – объект боюнча жер иштери жүрүүдө;
  • 8 – объектте пайдубал куюлууда;
  • 4 – объектте жер иштер бүткөрүлгөн;
  • 5 – объектте пайдубалдын курулушу аяктады;

Белгилей кетсек, 7-майында 2017-жылдын Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү фондунун ортосунда 27 мамлекеттик мектепти куруу боюнча насыя келишимине кол коюлган. Жалпы 27-нин ичинен  15 мектеп авариялык абалдагы билим берүү объектилеринин оордуна курулуп жатат.

 

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg