КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

 Сауд Өнүктүрүү фондунун эсебинен 27 мектептин курулушу толук кандуу жүргүзүлүп жатат


КР Мамкурулушунун Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Координациялык тобунун маалыматына ылайык Сауд Өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануучу  27 мамлекеттик мектептин курулуш долбоору боюнча бардык 27 билим берүү объекттеринде курулуш-монтаждоо жумуштары толук көлөмдө жүргүзүлүп жатат:

  • Ош облусунда                     – 6 мектеп;
  • Жалал-Абад облусунда – 3 мектеп;
  • Баткен облусунда       – 3 мектеп;
  • Нарын облусунда       – 3 мектеп;
  • Ысык-Көл облусунда       – 3 мектеп;
  • Талас облусунда       – 2 мектеп;
  • Чүй облусунда       – 4 мектеп;
  • Бишкек шаарында               – 3 мектеп.

Бүгүнкү күнү жалпы өздөштүрүлгөн каражаттардын суммасы 3 096,4 миң АКШ долларын түзөт, анда отчеттук мөөнөтө курулуш жумуштарын аткаруунун графигине ылайык 8 объектте жер казуу жумуштары бүткөрүлгөн, 13 объекттин пайдубалы тургузулууда жана 6 объекттин дубалын тургузуу жумуштары башталды. 

Бул долбоор 7625 окуучу орунду камтыйт жана Кыргызстандын өкмөтүнө окутуу мекемелери үчүн эл аралык стандарттарды пайдалануу жана аларды ыңгайлаштыруу менен оптималдуу жана ойдогудай сапаттуу билим берүүнү иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн «Инновациялык мектептердин имараттарын» түзүүгө багытталгандыгын белгилеп кетүү зарыл.

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg