Мамкурулуш агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов Лейлек районундагы эскилиги жеткен обьектилер менен таанышты. Анда Сүлүктү шаарындагы 1989-жылдары курулушу башталып, бүтпөй калган 77 сериясындагы 4 кабаттуу 32 батирлүү эскилиги жеткен турак үйлөрдүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү маселесин карады.
Токтомамбет Сатышов Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Булак-Башы айылындагы “Кулунду” орто мектебин абалы менен таанышты. Орто мектеп жараксыз абалга келгендигинен ордуна жаңы 225 орундуу мектеп куруларын белгиледи. Тийиштүү иш-кагаздарын аз мөөнөттө бүткөрүлүүсүн Мамкурулуш агенттигинин Баткен облусундагы бөлүмдөрүнө тапшыруу менен курулуш иштерин тездетүү жөнүндөгү талабын билдирди.
Жумушчу сапардын аягында Мамкурулуш агенттигинин директору Т.Сатышов борбор калаадан жана Ош шаарынан Баткен облусуна келген журналисттер менен жолугушту, 2021- жылдары аткарылган иштер жана алдыда курулуучу обьектилер боюнча маалымат берди.