КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Талас облусунун Покровка айылында жаңы мектептин курулушу башталды


Талас облусунун Манас районунун Покровка айылында Сауд өнүгүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен Жайылган атындагы жаңы мектеп курулуп жатат.

Бул мектеп 150 окуучулук орунга эсептелген, алардын курулушунун жалпы баасы 739 314 АКШ долларын түзөт.

Бүгүнкү күндө объектиде кирпич салуу боюнча иштер жүргүзүлүп, биринчи кабаттын монолиттик колонналарын бетондолууда.

Белгилей кетсек, мектептин курулушу жаңы форматта жүргүзүлүп жатат, анда окутуу үчүн бардык шарттар каралган. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, актовый залы жана ашкана менен спорт залы курулат.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg