КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп түзөө иштеринин даярдыгы 92% түзѳт


Объекттин капиталдык оңдоп түзөөсү 2020-жылдын июль айында башталган, ал эми долбоордук кубаттуулугу 216 орунга эсептелген. Сметалык наркы 63млн. 682 миң 9 сомду түзүп, баардыгы болуп 45 млн700 миң сом каржыланды.

Подряддык уюм тарабынан жүргүзүлүп, имараттын жана откананы эски чатыры менен электртутумдары алмаштырып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлгөн. Жаңы эшик, терезелер менен ички тосмолор орнотулуп, желдөө, жылытуу системалары жана өрт өчүрүүчү сигнализациясы жаңыртылган. Андан сырткары ички жана сырткы суу түтүктөрү менен канализациясы жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай жана сантехникалык жабдуулар орнотулган.

Объекттин курулушу 92% га бүткөрүлдү, Оорукананын  оңдоо иштерин сентябрдын аягына чейин бүткөрүүгѳ пландаштырылган.  

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg