КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Токмок шаарындагы оорукана бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди


Объекттин капиталдык оңдоп түзөөсү 2020-жылдын 28-июлунда башталган, долбоордук кубаттуулугу 216 орунга эсептелген. Объектиге жалпысынан 45 млн 700 миң сом каржыланды.

Бүгүнкү күнгө карата оңдоп-түзөө жумуштары бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшыруу иштери көрүлдү.

Подряддык уюм тарабынан төмөндөгү жумуштары жүргүзүлдү: имараттын жана откананын эски чатыры менен электртутумдары алмаштырып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери аяктоодо. Жаңы эшик, терезелер менен ички тосмолор орнотулуп, желдетүү жана жылытуу системалары, өрт өчүрүүчү сигнализациясы калыбына келтирилди.

Андан сырткары, ички жана сырткы суу түтүктөрү менен канализациясы кайрадан жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай орнотулган. Имараттын кире бериш жагы толугу менен бүткөрүлдү.

Республикалык бюджеттин эсебинен ооруканага керектелүүчү эмеректер алынып келинди.

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg