ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО ​ АРХИТЕКТУРЫ,​ СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

Ушул жылдын жай айларына СѲФ каражаттарына  4 билим берүү объектиси бүткөрүлөт


Бүгүнкү күндө Сауд Өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынан каржыланган” 27 мамлекеттик мектепти куруу ” долбоорун ишке ашыруусу план боюнча жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, мектептердин курулушу өлкөнүн бардык аймактарында курулуп, 7 625 окутуу жайы менен камсыздоого шарт түзөт. Ал эми, Ош облусу боюнча -6 билим берүү объектиси, Чүй – 7, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Баткен облустарында 3 мектептен жана Талас облусунда 2 мектеби курулуп жатат.

Бекитилген план боюнча, бардык 27 билим берүү объектилери жылдын аягына чейин курулуп бүкѳрүлѳт. Ал эми быйылкы жылдын жай айына карата 4 мектептин курулушу бүткөрүлөт Бул Нарын областынын Бугучу айылындагы 150 орундуу мектеп,  Ош областынын  Маданият жана Чек – Абад айылдарындагы 150 орундан эсептелген 2 мектеп, жана Жалал-Абад областынын Кызыл-Ата айылындагы 1 мектептин курулушу.

Бул объекттердин тендер боюнча жалпы сметалык наркы 25 млн 747 миң 542 АКШ долларын түзөт. Анын ичинен  бүгүнкү күндө  фондтун тарабынан 14 млн.500 миң АКШ доллары каржыланган, ал эми подряддык уюмдар тарабынан аткарылган иштин көлөмү ылайык, 18 млн доллардан  ашык акча өздөштүрүлгөн.

Координациялык топтун башкы инженери, Токон Сатышев баса белгилегендей, – «Долбоорду ишке ашырууда, обьектилердин куруулушунун сапатына жана баарыдан мурда пайдаланылып жаткан курулуш материалдар, буюмдар жана конструкциялардын сапатына жогору көңүл бурат. Күн сайын объекттерде техникалык көзөмөлдөө бар, алар бардык курулуш материалдарынын кириш сертификациялык контролун жүргүзүшөт жана сапаты күбөлөндүргөн паспорттору бар болгондон кийин гана курулуш-монтаждоо иштерине колдонулат”.

«Мындан тышкары зарыл техникалык документтер өз убагында жасалып жана тариздѳѳчү жумуштарды аткаруунун талаптагыдай сапатын ырастаган оң корутундулар түзүлөт. Ошондой эле бетон, металл жана кирпичтер боюнча бардык иштер лабораториялык сыноолордон милдеттүү түрдө өтөт. Бул жумуштардын баардыгына актылар түзүлүп,  мезгил аралык кабыл алуудан өтөт”, – дейт Т.Сатышев.

   

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg