КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Чолпон-Ата шаарындагы 70 орундуу райондук оорукананын капиталдык оңдоп-түзөөсү бүткөрүлдү


Объекттин оңдоп-түзөө жумуштары 2020-жылдын июль айында башталып сентябрь айында бүтүрүлгөн. Объекттин сметалык наркы 21,4 млн сомду түзөт.

Подряддык уюм тарабынан имараттын ичиндеги эски эшик-терезе, инженердик түтүктөр ажыратылды, ички дубалдардын шыбактары түшүрүлүп, жасалгалоо жумуштары аткарылды.

Чатырды реконструкциалоо, электрмонтаждоо иштери, желдетүү, сантехникалык жумуштар жасалган.

Ошондой эле жаңы эшиктер, терезелер толугу менен орнотулуп, полдор жаңыланган.  

Андан сырткары, айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Объекттке 16 млн 495 миң сом “Региондорду өнүктүрүү жана социалдык өнөктөш фондунун” эсебинен каржылоо ачылган.

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg