КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Чуй обласынын Озерная айылындагы жаңы мектептин курулуушу жаңы окуу жылына карата бүткѳрүлѳт


Чуй облусунун Амүдүн районундагы Озерная айылындагы жаңы мектептин курулушунун бүткөрүлүшү 85%-ды түзөт. Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан штукатуркалоо иштери, жыгач полдорду коюу, электр орнотмолору, сырткы дубалдарды жылуулоо жана имараттын кирүүчү эшиктерин орнотуу жумуштары аякталууда. Учурда ички жасалгалары, тышкы келбети жана абаттуулугу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилеп кетсек, аталган объект 2019-жылдын октябр айында башталган. Анын долбоордук кубаттуулугу боюнча 375 окуучулук орунга эсептелген наркысы 1 млн 526 миң 804 АКШ долларын түзүп, анын ичинен 870 278 АКШ доллары каржылады.

Мектептин куруушунун аяктоосу, бекитилген графигине ылайык 2021-жылдын жаңы окуу жылына пландаштырылууда.

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg