КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Чуй облусунун Интернационал айылындагы спорткомплекси бүткөрүлдү


Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Интернационал айылындагы спорткомлексинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2019-жылы башталган.

Курулуп жаткан имараттын жалпы аянты 540,5 чарчы метрин түзөт. Долбоорго ылайык, спорткомплекстин 1-чи кабатында чечинүүчү бөлмөлөр, душ кабиналары, физруктун кеңсеси жайгашкан. Ошондой эле 2-чи кабатында спорттук зал, күрөш залы каралган.

Бүгүнкү күндө объекттин курулушу аягына чыгып, пайдаланууга тапшырылууда.

Белгилей кетсек, объекттин наркы 26 млн 672 миң 200 сомду түзүп,  толугу менен каржыланды.

ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО АРХИТЕКТУРЫ, СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ.© 2022
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-22
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg