Чуй облусунун Ак-Башат айылындагы С.Усубалиев атындагы мектеби 2022-жылдын 30-сентябрында салтанаттуу түрдө ачылды
Республикалык бюджеттин эсебинен бүткөрүлгөн Чуй облусунун Москва районунун Ак-Башат айылындагы Сабыркул Усубалиев атындагы мектеби, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарынын жана жергиликтүү бийликтин катышуусунда 2022-жылдын 30-сентябрында салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга тапшырылды.