КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Ысык-Көл областынын Дархан айылындагы мектептин курулушу 74% га даяр


Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы, Сатылганов атындагы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүп, 74% га даяр.

Учурда подряддык уюм тарабынан үйдүн чатырын, терезе блокторун орнотуу жана имараттын электр куроо иштери аякталды. Ички жасалгалоо иштери, ошондой эле жылытуу, суу, канализация жана сырткы тармактарды орнотуу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары сырткы жасалгоо иштери жана аймактын металл тосмолору да башталды.

Белгилей кетсек, 275 окуучулук орунга эсептелген билим берүү обьектисинин курулушу 2020-жылдын январында башталган. Объекттин сметалык наркысы 850 571 АКШ долларын түзүп, анын ичинен  323 216 АКШ доллары каржыланды.

Мектептин курулушу жаңы окуу жылына бүтүрүү пландалууда.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg