Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ново-Вознесеновка айылында 375 окуучулук орунга эсептелген жаңы мектептин курулушу жүргүзүлүүдө. Бул мектептин курулушу, наркы 1 203 974 АКШ долларын түзүп, Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө обьекттин курулуш иштеринин даярдыгынын пайызы 30% ды түзөт. Курулуштун башынан бери 265 483 АКШ доллары каржыланды.
Азыркы учурда, подряддык уюм тарабынан 100% га биринчи кабаттын кирпич менен тургузуу жана сейсмикалык баалуулугу иштери аяктады. Учурда экинчи кабаттын кирпич коюу, күчөтүү жана монолиттик колонналарын бетондоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Белгилесек, долбоор боюнча жаңы мектепте окуучуларга баардык зарыл шарттары каралган окуу корпусу, ашкана, спорттук залы, актовый залы, компьютердик класс, ошондой эле химия, биология, физика предметтери боюнча лабораториялар менен окуу имараты каралган.